БШКга бир мандаттуу эки шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттарын кайра шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө дагы 3 арыз түштү

31 января 2022

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 31-январындагы жыйналышында шайлоого катышуудан баш тартуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү чакыртып алуу жөнүндө арыздарды карап чыгып, аларды эске алуу жөнүндө чечим кабыл алды.

КР БШКга төмөнкү талапкерлер арыз беришти:

  1. Мотуев Нурдин Аманканович, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;

  2. Хасанов Дильшат Ибрагимович, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;

  3. Кутбидинов Азизбек Камчыбекович, № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер.

Буга чейин Аматов Рысбай Аматович (№ 27 Биринчи май шайлоо округу), Ибраймакунов Данияр Омурбекович (№ 29 Свердлов шайлоо округу), Эргешов Казыбек Кочкорович (№ 29 Свердлов шайлоо округу) жана Джакыпбеков Шадыкан Мырзаканович (№ 27 Биринчи май шайлоо округу)КР ЖК депутаттарын кайра шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз беришкен.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү