БШК Биринчи май жана Свердлов округдук шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизди
20 января 2022
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылы 20-январда Биринчи май жана Свердлов округдук шайлоо комиссияларынын курамдарына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди:
Биринчи май округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
- Примбердиева Бермет Арпидиновна жана Бактыбек уулу Талант комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- Дукембаева Эльмира Абуевна Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан жана Нурланова Жанэт Нурлановна Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын резервинен комиссиянын курамына киргизилсин.
Свердлов округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
- Бейшенбаев Эдил Нурбекович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- Исаков Азамат Токторбекович Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын резервинен комиссиянын курамына киргизилсин.
Токтом Биринчи май жана Свердлов округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн шайлоо комиссиясынын курамдарынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесине ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
