БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
20 января 2022
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 20-январындагы жыйналышында Кызыл-Кыя, Баткен, Лейлек, Москва, Сокулук, Токмок, Панфилов, Араван, Өзгөн, Кара-Көл, Аксы, Нарын жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты Мамажалилов Каныбек Худайбердыевичтин (№4, «Ыйман Нуру» деп.фракциясы) ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат 38 КЛ окутуучусу Мааткалыков Зарылбек Зайлабидиновичке («Ыйман Нуру» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айылдык кеңешинин депутаты Орозалиев Имам-Саит Жамаловичин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат “Самаркандек” соода комплексинин директору Темирбаев Уланбек Абдикааровичке өткөрүп берилди.
Каза болгондугуна байланыштуу Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айылдык кеңешинин депутаты Ысманов Нурудинбай Маматовичин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат Аксай токой чарбасынын бөлүм башчысы Алиев Элчибек Абдисаитовичке өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Лейлек районунун Лейлек айылдык кеңешинин депутаты Сапаров Талантбек Исабековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Бостонов Алишер Абдумажитовичке өткөрүп берилди.
Жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин сессияларына бир жыл ичинде төрт жолудан ашык келбегендигине байланыштуу Чүй облусунун Москва районунун Биринчи май айылдык кеңешинин депутаты Акматов Бактияр Бактыбековичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат жеке ишкер Кенжеев Адилет Болотбековичке өткөрүп берилди.
Каза болгондугуна байланыштуу Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айылдык кеңешинин депутаты Табалдиев Суйунбай Байышовичин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат слесарь Тинеев Канат Райхановичке өткөрүп берилди.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Чүй облусунун Сокулук районунун Асылбаш айылдык кеңешинин депутаты Жумабеков Жалын Самудиновичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат “АЮ” ЖЧкнын касапчысы Абдрахманов Алтынбек Аблабековичке өткөрүп берилди.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Чүй облусунун Сокулук районунун Төмөнкү-Чүй айылдык кеңешинин депутаты Акматов Жаныбек Абдимусаевичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат жеке ишкер Гавсидинов Алимбек Ашимовичке өткөрүп берилди.
Айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргендигине байланыштуу Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаты Зарлыкова Нургүл Бакытбековнанын (№9, «Бирге» деп.фракциясы) ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат жеке ишкер Берикбаева Асель Тилековнага (№12, «Бирге» саясий партиясы) өткөрүп берилди. токтотулду.
Жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин сессияларына бир жыл ичинде төрт жолудан ашык келбегендигине байланыштуу Чүй облусунун Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Ляленко Татьяна Сергеевнанын ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат пенсионер Анапияева Джамалкан Джакиевнага өткөрүп берилди.
Ош облусунун Араван районунун С. Юсупов айылдык кеңешинин депутаты Каюмов Аброрбек Пазилжоновичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат “Сохиба” дыйкан чарбасынын жетекчиси Юсипов Абдигани Абдихалиловичке өткөрүп берилди.
Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин депутаты Абдымомунова Аида Саиповнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке чарбанын ээси Урустамова Данакан Жеенбековнага өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Ашыралиев Эмил Рысбековичтин (№4, «Замандаш» деп.фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Халбатыров Улукмырза Улановичке («Замандаш» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жерге-Тал айылдык кеңешинин депутаты Бекмырзаева Анвара Айтмырзаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Исмайлов Уран Нурмаматовичке өткөрүп берилди.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Нарын облусунун Нарын районунун Эмгекчил айылдык кеңешинин депутаты Өскөнбаев Азамат Жакыповичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат Т.Байбураев атындагы орто мектептин мугалими Мусаев Нарынбек Ырсалиевичке өткөрүп берилди.
Нарын облусунун Нарын районунун Эмгекчил айылдык кеңешинин депутаты Байтерекова Жыпаркүл Бекболотовнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат пенсионер Тюменбаева Кайып Токобаевнага өткөрүп берилди.
Нарын облусунун Нарын шаардык кеңешинин депутаты Өмүрбай кызы Чолпондун (№3, «Ордо» деп.фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Каптагаева Айпери Болотбековнага (№8, «Ордо» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жыйналышта талапкер Ысманов Жоробай Каражановичти өз арызынын негизинде катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарышты.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
