БШК Бишкек ш. Биринчи май жана Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоо алкагында укук коргоо органдары үчүн тренинг өткөрдү
18 января 2022
2022-жылы 18-январда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында Бишкек ш. Биринчи май жана Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоо алкагында Кыргыз Республикасынын жаңы кодекстерин – Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонуу боюнча укук коргоо органдарынын – прокуратуранын, УКМКнын Бишкек ш. боюнча ББнын, Бишкек ш. ИИББнын жетекчи жана ыкчам иш жүргүзүү боюнча курамдарынын кызматкерлери үчүн окутуу болуп өттү.
Окутууга бардыгы КР ИИМден – 32, КР УКМКдан – 10, КР Башкы прокуратурасынан 8 кызматкер катышты.
КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекова Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоонун өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып берди.
Атап айтканда, кайра шайлоонун мөөнөттөрү үчтөн бирге кыскарды. Ошондуктан буга айрыкча көңүл буруп, тигил же бул бузууларга өз убагында чара көрүү зарыл.
Мында шайлоо процессинин катышуучуларынын – талапкерлердин, байкоочулардын жана шайлоочулардын өз укуктары жана милдеттери бар. Укук коргоо органдары алардын укуктары бузулса, бирдей даражада шарттарды түзүп, алардын укуктарын коргоого тийиш.
“Мыйзам бузууларга каршы бардык чаралар көрүлүш керек, өлкөнүн коопсуздугуна жана туруктуулугуна чоң коркунуч алып келбей турган бузуулар жоопкерчиликке тете чаралар менен коштолууга тииш. Кантсе да жарандардын эркин тандоого мүмкүнчүлүгү болушу керек”, - деп белгиледи БШК төрагасы.
Семинарда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынн кызматкерлери – жогоруда аталган кодекстерди иштеп чыккандардын бирлери КР БПнын улук прокурору С.Камолидинов, КР БПнын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү Н.Алымкулов чыгып сүйлөштү.
Ошондой эле КР ИИМдин шайлоо мыйзамдары чөйрөсүндөгү кылмыштарды териштирүү маселелери боюнча кызматкерлери – милициянын полковниги Ч. Майлыбеков, милициянын полковниги, КР ИИМдин Академиясынын доценти Т.Осмоналиев чыгып сүйлөштү.
Семинарда шайлоочулардын добуштарын сатып алуу жана административдик ресурсту кыянат пайдалануу фактылары баоюнча сотко чейинки текшерүүлөрдүн маанилүү этаптары дагы талкууланды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү















