Анонс
07 января 2022
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылы 11-январда саат 14:00дө 2022-жылдын 27-февралына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышуучу талапкерлер үчүн окутуу тренингин өткөрөт.
Талапкерлер төмөнкү маселелер боюнча маалымат алышат:
• Документтерди тапшыруу жана талапкерлерди каттоо тартиби;
• Талапкерлердин шайлоо фонддорун түзүү тартиби, шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелери;
• Шайлоо алдында үгүт жүргүзүү эрежелери;
• Шайлоо даттанууларын кароо тартиби.
Катышуу маселелери боюнча төмөнкү байланыш телефон номуруна чалып, кайрылууга болот: 0312 62 62 87.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
