Партиялардан жана талапкерлерден Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына каттоо үчүн тоскоолдуктар жоктугу тууралуу арыздарды кабыл алуу жүрүп жатат
18 декабря 2021
БШКнын 2021-жылдын 15-декабрындагы токтому менен бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары аныкталды.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык:
“Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин бул тууралуу депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө кое берилген саясий партияларды, жана депутат болуп шайланган талапкерди кабарландырат. Депутат болуп шайланган талапкер 3 күндүк мөөнөттө өзүнөн Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салганы жөнүндө билдирүүнүн көчүрмөсүн Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө милдеттүү.
Эгерде депутат болуп шайланган талапкер 3 күндүк мөөнөттө өзүнөн Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салуу жөнүндө талапты аткарбаган учурда, анын депутаттык мандаты кезек боюнча, ушул конституциялык Мыйзамдын 64-беренесинин 4-бөлүгүндө аныкталган тартипте кийинки талапкерге берилет”.
Учурда партиялардан жана талапкерлерден депутаттыкка каттоо үчүн тоскоолдуктар жоктугу тууралуу арыздарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салуу жөнүндө буйруктарды жана башкаруучулук башка документтерди кабыл алуу аяктап жатат.
Конституциялык Мыйзамдын жогоруда аталган беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык:
“Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары аныкталгандан жана депутат болуп шайланган талапкерлерден Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салганы жөнүндө билдирүүлөр алынгандан кийин, 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү ырастамаларды жана төш белгилерди тапшырат”.
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1 жана 3-бөлүктөрүнө ылайык:
“Жогорку Кеңештин депутаты бир эле учурда башка мамлекеттик же муниципалдык кызматта тура албайт, ишкердик ишти жүзөгө ашыра албайт, коммерциялык уюмдун жетекчи органынын же байкоочу кеңешинин курамына кире албайт.
Жогорку Кеңештин депутаты эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагында шугулданып жаткан чет өлкөлүк коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдардын башкаруу органдарынын, камкорчулук кылуучу же байкоочу кеңештеринин, башка органдарынын, ошондой эле алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн курамына кире албайт”.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
