Бир мандаттуу 8 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары аныкталды

09 декабря 2021

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 9-декабрындагы жыйналышында бир мандаттуу сегиз шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү деп тааныды жана шайлоо натыйжаларын аныктады.

Тиешелүү округдардын аймактарында добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу округдук шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттары деп таанылды:

- № 1 Лейлек бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Ажибаев Чынгыз Ильяскожоевич;

- № 6 Араван бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Нурбаев Жалолидин;

- № 9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Матраимов Искендер Исмаилович;

- № 17 Аксы бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Шакиев Нурланбек Тургунбекович;

- № 11 Алай бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Примов Улан Бердибаевич;

- № 24 Сокулук бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кенжебаев Аманкан Батырбекович;

- № 25 Аламүдүн бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Атамбаев Сеидбек Алмазбекович;

- № 32 Кочкор бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Самыйкожо Мирлан.

ОШКларда округдар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууда жана шайлоо натыйжаларын аныктоодо БШК түшкөн арыздарды жана даттанууларды карап чыкты жана алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдерди кабыл алды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү