БШК: Жыйынтык чыгаруу процесси мыйзамга ылайык жүрүп жатат

01 декабря 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоодо добуштарды кол менен эсептөөнүн жол-жобосу тууралуу маалымдайт. 

Мыйзамга ылайык, шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыгын кол менен эсептөө 

алгач, бир мандаттуу шайлоо округдары, андан кийин – бирдиктүү округ боюнча (пропорционалдык тутум боюнча); 

бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча бюллетенге кирген талапкерлерге берилген жана «Баарына каршы» позициясы үчүн берилген добуштар саналат.  

Пропорционалдык тутум боюнча добуштарды эсептөө жол-жобосу – татаалыраак. Алгач участкалык шайлоо комиссиялары саясий партиялардын жана байкоочулардын көзүнчө шайлоо бюллетендерин ар бир партия жана «Баарына каршы» позициясы боюнча өз-өзүнчө бөлүштүрөт. 

Андан соӊ, ар бир топтомдогу партия үчүн берилген бюллетендер эсептелет жана анын жыйынтыгы №2 протоколго жазылат. Андан ары ар бир саясий партия үчүн добуш берген бюллетендер сорттолуп, аталган партиядагы тизмеге кирген ар бир талапкердин баарынын номери боюнча топтолот. Саноо ачык-айрым, көз менен көрүүгө мүмкүн боло тургандай шартта жүргүзүлөт.   

Ар бир бюллетендеги ар бир добуш протоколго киргизилет. Протокол мөөр басылып, добуштарды саноого катышкан шайлоо участкасындагы бардык байкоочуларга берилет. 

Участкалык шайлоо комиссиясы жыйынтыктоочу чогулушун өткөрүп, мында комиссияга келип түшкөн добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо жана добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча протоколдорду түзүү менен байланышкан даттануулар (арыздар) каралат жана ар бир даттануу (арыз) боюнча чечим кабыл алынат. 

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча протоколдун биринчи экземпляры кол коюлгандан кийин автоматтык эсептөөчү урналардын отчеттору менен бирге, идентификациялоо боюнча баштапкы жана жыйынтыктоочу отчет, шайлоо бюллетендери сейф-баштыкчага салынып, УШК төрагасы тарабынан саясий партиялардын өкүлдөрүнүн коштоосу менен ОШКга жеткирилет.    

Округдук шайлоо комиссиясы участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорун (бир мандаттуу жана бирдиктүү шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу) кабыл алат.

УШКлардан документтерди кабыл алууда округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү кол менен эсептөө протоколунун туура толтурулгандыгын, текшерилүүчү маалыматтардын ага тиркелген документтердин толуктугу менен катыштыгынын тууралыгын, участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү басылган, идентификациялоочу алгачкы чектердин жана АЭУнун болуусун текшерет. 

Округдук шайлоо комиссияларында участкалык шайлоо округдарынын протоколдорунун негизинде системдик администратор ар бир участок боюнча маалыматтарды кол менен электрондук тутумга киргизет. Жаӊы тутумдун киргизилиши менен участок боюнча жалпы протоколдорду, ар бир партия жана партиядан көрсөтүлгөн талапкер боюнча протоколдорго тиркемелерди, бир мандаттуу шайлоо участкасы боюнча протоколду киргизүү зарыл. Бул мурунку шайлоолорго караганда көбүрөөк убакытты талап кылат. 

Алдын ала текшерүүдөн кийин маалыматтар мыйзамга ылайык жарыяланат. Андан соӊ участкалык шайлоо комиссияларынын жыйынтыгы боюнча протоколдордогу маалыматтар кошуу аркылуу жыйынтыктоочу таблицага түшүрүлөт. 

УШКлардан кабыл алынган шайлоо документтеринин жыйынтыгы боюнча округдук шайлоо комиссиясы жыйынтыктоочу чогулуш өткөрөт, мында комиссияга келип түшкөн добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо жана добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча төмөн жактагы шайлоо комиссияларында протоколдорду түзүү менен байланышкан даттануулар (арыздар) каралат, шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу чогулушунун протоколу түзүлөт жана ага кол коюлат.  

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча протоколго УШКлардын саны, келип түшкөн протоколдордун саны киргизилип, алардын негизинде добуш берүүнүн жыйынтыгы, ошондой эле УШК протоколдордун суммаланган маалыматы тууралуу протокол түзүлөт.  

Округдук шайлоо комиссиясы шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп табууга укуктуу: 

  1. эгер добуш берүүнүн жүрүшүндө, добуштарды саноодо, добуш берүүнүн жыйынтыгын аныктоодо добуш берүүнүн жыйынтыгын так аныктоого тоскоолдук жараткан мыйзам бузууларга орун берилсе;  
  2. эгер добуш берүүнүн жүрүшүндө, добуштарды саноодо, добуш берүүнүн жыйынтыгын аныктоодо шайлоочунун эркин билдирүүгө таасир этүүчү мыйзам бузууларга орун берилсе;
  3. жогоруда турган шайлоо комиссиясынын чечими менен;
  4. соттун чечими менен;
  5. эгер добуш берүү үкөктөрүндөгү шайлоо бюллетендери жараксыз деп табылса. 

Добуш берүүнүн жыйынтыгын так аныктоого мүмкүндүк бербеген мыйзам бузуулар деп добуш берүүнүн тартиби, добуштарды эсептөө, шайлоо участкаларында ар бир талапкер, талапкерлердин тизмеси тарабынан алыган добуштардын санын так аныктоого мүмкүндүк бербеген добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколдорду түзүү менен байланышкан жоболордун бузулушун айтабыз.  

Шайлоочунун эркин билдирүүсүнө таасир эткен мыйзам бузуулар алдында добуш берүүнүн жүрүшүндө шайлоочунун өз эркин билдирүүсүнө, добуштарды саноого же шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыгын аныктоого таасир эткен, добуш берүү күнү үгүттөө жүргүзүү, жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууга тоскоолдук жаратуу, башка шайлоочулар үчүн добуш берүү, шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүү, шайлоочуларга пара берүү менен байланышкан мыйзам бузуулар эсептелет. 

УШК чечимдери округдук шайлоо комиссияларында 3 күндүк мөөнөттүн ичинде, ал эми ОШК чечимдери БШКда 3 күндүк мөөнөттө, ал эми БШК чечими – сотто каралат.  

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 37-1-беренесине ылайык, ар бир шайлоо участогу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколдор Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында добуш берүү күнүнөн кийин 18 күндөн кечиктирилбестен жайгаштырылат.  

Маалымат бөлүмү