28-ноябрда шайлоо участкаларына 84 412 шайлоочу биринчи жолу келет
28 ноября 2021
Бирдиктүү шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын тизмесинде катталган жалпы жарандардын саны 3 703 420 адамды түздү.
Алардын ичинен 84 128 шайлоочу республикадан тышкары түзүлгөн шайлоо участкаларындагы шайлоочулардын тизмесине кирген.
Бир мандаттуу шайлоо участкалары боюнча шайлоочулардын саны 3 619 292 адамды (чет өлкөлөрдө катталган шайлоочуларды эске албаганда) түздү.
2021-жылдын 9-сентябрында жайгаштырылган бир мандаттуу округдар боюнча алдын ала тизме (3 617 591 адам) менен салыштырмалуу, 1701 шайлоочуга көбөйгөн (кеӊири маалыматты «Тизме» порталынан - https://tizme.gov.kg/ көрүүгө болот).
Салыштырма иликтөөнүн негизинде, шайлоочулардын саны өскөнү байкалууда. Алсак, 2020-жылдын октябрындагы КР ЖК депутаттарын шайлоодо 3 523 554 шайлоочу, алардын ичинен ТИМ багыты боюнча - 32 602 шайлоочу катталган. Шайлоочулардын өсүшү 179 866 жана 51 526 адамды түзгөн.
Гендердик-курактык көрсөткүч боюнча шайлоочулардын тизмесинин курамы төмөнкүчө:
- эркектер – 1 775 935, бул жалпы шайлоочулардын санынын 48%ын түзөт;
- аялдар – 1 927 485, бул жалпы шайлоочулардын санынын 52%ын түзөт.
Шайлоо участкаларына биринчи жолу 84 412 адам келет, бул жалпы шайлоочулардын санынын 2% түзөт.
|
2021-жылдын 18-ноябрына карата гендердик-курактык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен шайлоочулардын саны боюнча маалымат |
|||||||||||
|
Округдар |
УШК саны |
18- ноябрга карата саны |
Гендердик көрсөткүч |
Курактык көрсөткүч |
|||||||
|
Эркектер (48%) |
Аялдар (52%) |
18 жаш (2%) |
18-29 (29%) |
30-39 (24%) |
40-49 (17%) |
50-59 (15%) |
60-69 (10%) |
70- (5%) |
|||
|
Бирдиктүү округ + ТИМ: |
2494 |
3 703 420 |
1 775 935 |
1 927 485 |
84 412 |
1 088 605 |
914 505 |
635 451 |
535 405 |
365 093 |
164 361 |
|
Бир мандаттуу округдар |
2435 |
3 619 292 |
1 733 162 |
1 886 130 |
83 493 |
1 061 06 |
|||||





