БШК Р. Момбеков боюнча чечимди добуш берүү күнүнөн кийин даттанат
27 ноября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Социал-демократтар” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Рыскелди Момбеков боюнча Бишкек шаардык Административдик сотунун чечимин добуш берүү күнүнөн кийин даттанат.
Ж. Баласагын атындагы КУУнун Р. Момбеков тапшырган диплому жалган экендиги тууралуу факт ырасталгандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы 2021-жылы 24-ноябрда өткөн жыйналышында “Социал-демократтар” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Р. Момбековду каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алган.
КР БШК чечими «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык кабыл алынган. 27-ноябрда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү өтүп жатканын жана 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоо участокторунда добуш берүү өтөөрүн эске алып, соттун чечиминин негизинде Р. Момбеков талапкер бойдон калууда.
Ошол эле учурда КР БШК өз чечиминин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн ырастап, Бишкек шаардык Административдик сотунун чечимин добуш берүү күнүнөн кийин даттанууга укуктуу жана бул аткарылат.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
