БШК талапкерлердин жана саясий партиялардын байкоочулары үчүн тренингдердин сериясын баштады
15 ноября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Бишкек шаарында “2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо: Талапкерлердин жана саясий партиялардын байкоочулары тарабынан шайлоого байкоо жүргүзүү процесси” деген тема боюнча тренинг уюштурду. Тренинг өлкөнүн бүт аймактарында уюштурулат.
Катышуучуларга саясий партиянын жана талапкердин байкоочусунун статусу, байкоочуларды каттоо тартиби, алардын укуктары жана милдеттери тууралуу маалымат берилди. Байкоочу – бул талапкер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия тарабынан, мыйзамда каралган тартипте шайлоону даярдоого, добуш берүүнү өткөрүүгө, добуштарды саноого, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөгө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоого байкоо жүргүзүү үчүн дайындалган адам экендиги түшүндүрүлдү. Мында талапкерлердин жана саясий партиялардын байкоочулары алар жүргүзгөн иш үчүн талапкер жана саясий партия жоопкерчилик тартуучу алардын өкүлдөрү болуп саналат. Жигердүү шайлоо укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жараны байкоочу болууга укуктуу.
Талапкер, саясий партия ар бир участкалык шайлоо комиссиясына экиден ашык эмес байкоочу дайындай алат, алар добуш берүүнү өткөрүүгө жана добуш берүү үчүн жайдагы башка шайлоо аракеттерине кезектешип байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу укугуна ээ болушат.
Шайлоо комиссиясынын жайында, добуш берүү үчүн жайда катталган бир талапкердин, бир саясий партиянын кызыкчылыктарын билдирүүчү эки же андан көп байкоочунун бир убакта байкоочунун ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууларына жол берилбейт.
Добуш берүү күнү шайлоо участогунда иш кандай уюштурулаары айтылды. Эртең мененки саат 7де участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү жайындагы өз жыйналышында чүчүкулак аркылуу төмөнкү иштерди аткаруучу комиссия мүчөлөрүн аныктайт:
добуш берүү күнүндө оператордун ишин контролдоону жана аны менен бирдикте шайлоочулардын электрондук тизмесинде жарандарды идентификациялоону жүргүзүүчү;
шайлоочулардын кагаздагы тизмесиндеги жарандарды каттоону жүзөгө ашыруучу;
шайлоо бюллетендерин берүүчү;
шайлоочулардын жашыруун добуш берүү кабиналарына киришин, шайлоо бюллетендерин добуш берүү үкөктөрүнө салышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруучу.
Шайлоо участогу ачылганга чейин УШК төрагасы төмөнкү иштерди аткарууга тийиш:
шайлоочулардын тизмесине киргизилген санды жарыялайт,
өзү көрүп таанышууга жана кагаздагы жана электрондук тизмелерди салыштырууга мүмкүндүк берет,
чүчүкулак боюнча шайлоочуларды каттоочу жана шайлоочулардын тизмесин толтуруучу УШК мүчөлөрүнө шайлоочулардын тизмесин таратып берет.
Саат 20.00дө шайлоо участоктору жабылгандан кийин шайлоочулардын добуштарын саноонун төмөнкү этаптары тууралуу маалымат берилди:
1. IШайлоо бюллетендери менен иштөө;
2. Шайлоочулардын тизмеси менен иштөө;
3. Добуш берүү үчүн көчмө үкөктөрдөгү шайлоо бюллетендерин саноо;
4. Добуш берүүнүн АЭУ боюнча алдын ала жыйынтыгын жарыялоо;
5. Шайлоочулардын добуштарын кол менен саноо;
6. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколдор;
7. Iшайлоо документтери менен иштөө.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучуларды шайлоо комиссияларынын тутуму, шайлоо шайлоочулардын тизмесин түзүү, ошондой эле добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүнүн жол-жобосу менен тааныштырышты.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
