БШК «Аруузат – Эл Куту партиясы» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен талапкерди чыгарды

13 ноября 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 13-ноябрында өткөн жыйналышында «Аруузат – Эл Куту партиясы» саясий партиясы көрсөткөн Исмаилова Жыргал Кусейиновнаны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды.

 

Чечим «Аруузат – Эл Куту партиясы» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен чыгаруу жөнүндө Ж. Исмаилованын өз арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү