БШКга бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө 2 арыз түштү

13 ноября 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 13-ноябрда өткөн жыйналышында №32 Кочкор шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына талапкер Мелисов Азамат Канатбековичтин жана №25 Аламүдүн шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына талапкер Чакибаев Эмил Акжолтоевичтин шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыздарын карап чыкты жана А. Мелисовдун жана Э. Чакибаевдин арыздарынын негизинде каттоону жокко чыгарып, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу тууралуу чечимин кабыл алды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү