БШКга бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө 2 арыз түштү

11 ноября 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 11-ноябрда өткөн жыйналышында №23 Москва шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына талапкер Мамутов Ахматжан Рахимовичтин жана №32 Кочкор шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына талапкер Самудинова Айнагүлдүн шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыздарын карап чыкты жана А.Р. Мамутовдун жана А. Самудинованын арыздарынын негизинде каттоону жокко чыгарып, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу тууралуу чечимин кабыл алды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү