БШК КР ЖК депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

03 ноября 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 3-ноябрындагы жыйналышында “Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Керезбеков Канат Керезбековичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

КР БШК “Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын алып салуу жөнүндө түшкөн өз арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык К.К. Керезбековдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кылды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Керезбеков Канат Керезбековичтин күбөлүгү анык эмес деп табылды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү