Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди
01 ноября 2021
2021-жылдын 1-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 12-октябрда өткөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду карап, бекитти.
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Жумаев Талант Аскаралиевич, Калматов Нурсултан Абдураимович, Туйчиев Алтынбек Шеркузуевич катталган.
Добуш берүүгө Отуз-Адыр айылдык кеңешинин баардык 21 депутаты катышты, Жумаев Т.А. – 10 добуш, Калматов Н.А. – 11 добуш, Туйчиев А. Ш. – 0 добуш, алды. “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Калматов Нурсултан Абдураимович Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
