КР БШК талапкерлерди жана партияларды “2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо: Үгүт жүргүзүү жана шайлоо талаш-тартыштарын кароо” деген тема боюнча тренингге чакырат
31 октября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (КР БШК) саясий партиялардын жана талапкерлердин өкүлдөрү үчүн “2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо: Үгүт жүргүзүү жана шайлоо талаш-тартыштарын кароо” деген тема боюнча окутуу тренингин өткөрөт.
Окутуу тренинги 2021-жылы өтүүчү КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо үгүт жүргүзүүнүн жана шайлоо талаш-тартыштарын кароонун жаңы эрежелери жана талаптары менен саясий партиялардын жана талапкерлердин өкүлдөрүн тааныштыруу максатында өткөрүлүүдө.
Талапкерлер, саясий партиялардын өкүлдөрү төмөнкү маселелер боюнча маалымат жана кеңеш алышат:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартиби. Негизги жоболордун баяндамасы;
- шайлоо талаш-тартыштары. Шайлоо мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик.
Тренинг 2021-жылы 1-ноябрда саат 9:30да КР БШКнын имаратында (Пушкин көчөсү, 50) өткөрүлөт.
Конференцияга кошулуу : Zoom
https://us02web.zoom.us/j/8690689629?pwd=aUhiTkhick9rOVlDZUxrdGJobjBkZz09
Конференциянын идентификатору: 869 068 9629
Кирүү коду: 112233
Катышуу маселелери боюнча төмөнкү телефон номурларына чалып, кайрылууга болот: 0312 62 62 87, 0552 57 79 77, 0550 03 12 55.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
