Бир мандаттуу округдар боюнча депутаттыкка талапкерлер үчүн акысыз обо убактысын бөлүштүрүү: Талас облусу

30 октября 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Талас облусунун №20 Манас, №21 Талас бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн катталган талапкерлерге Талас медиа борборунда акысыз обо убактысын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак өткөрдү.

Анын жыйынтыгы боюнча дебаттарга жана жеке сөз сүйлөөгө катышуу үчүн позициялар төмөндөгүдөй аныкталды:

№20 Манас шайлоо округу:

  1. Джумабеков Дастанбек Артисбекович
  2. Джакыпбеков Шадыкан Мырзаканович
  3. Назарбеков Мирлан Рысбекович
  4. Шаршенбек Сардар
  5. Мамбеткулов Замирбек Токтогулович
  6. Джакеев Алмазбек Алманбетович

№21 Талас шайлоо округу:

  1. Чойбеков Бактыбек Каныбекович
  2. Нусубалиев Токтоналы Сатарович
  3. Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович
  4. Бузурманкулов Айбек Мырзакеримович
  5. Жунусбеков Төрөкан Бейшенбекович
  6. Айткулов Муктарбек Мукулович
  7. Айталиев Таалайбек Дөөлөтказиевич
  8. Сариев Эсен Тыныбекович

Мыйзамга ылайык, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлер үчүн акысыз обо убактысынын жалпы көлөмү аймактык телерадио уюмдарынын каналдарында жумуш күндөрү отуз мүнөттөн кем эмес болууга тийиш.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү