№14 Жалал-Абад шайлоо округу: Бюллетендеги орундарды аныктоо боюнча чүчүкулактын жыйынтыктары

30 октября 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо №14 Жалал-Абад шайлоо округу боюнча шайлоо бюллетенинде талапкерлердин орундарын аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрдү.

Чүчүкулактын жыйынтыгына ылайык позициялар төмөнкүдөй аныкталды:

  1. Жээнбеков Келдибек Эркинбекович
  2. Шаимкулов Манас Каныбекович
  3. Салымбаев Чынгыз Жусупович
  4. Атабеков Таалайбек Айтышович
  5. Мамасыдыков Кумарбек Канболотович
  6. Ташиев Шаирбек Кыдыршаевич

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү