БШК “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен 1 талапкерди чыгарды

27 октября 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 27-октябрда өткөн жыйналышында “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы көрсөткөн Алымбаев Алайбек Анаркуловичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды.

Чечим Алымбаев Алайбек Анаркуловичтин талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө 2021-жылдын 26-октябрындагы өз арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү