Кыргызстанда талапкер аялдар үчүн окутуу өнөктүгү жүрүп жатат
26 октября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (КР БШК), Кыргызстандагы “БУУ-Аялдар” структурасы жана БУУнун Өнүктүрүү программасы менен биргеликте аялдардын саясий лидерлиги боюнча эки күндүк окутуу курстарын өткөрүүдө.
Бул иш-чаралардын негизги максаты - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (КР ЖК) депутаттыгына талапкер аялдарды шайлоо мыйзамдарынын жаңы эрежелери жана талаптары менен тааныштыруу.
Саясий партиялардан жана бир мандаттуу шайлоо округдарынан көрсөтүлгөн 250дөн ашык аял алдыдагы шайлоодо үгүт иштерин жүргүзүү боюнча билимин жана көндүмдөрүн жогорулатат, анын ичинде талапкерлердин билдирүүсүн даярдоо, шайлоочулар менен максаттуу иш алып баруу, үгүт өнөктүгүн пландаштыруу жана башкаруу.
Эки күндүк тренингдердин жүрүшүндө КР БШКнын мүчөлөрү тренер катары катышуучулардын ар бир тобуна алдыдагы парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат беришет, шайлоо округу, көрсөтүү жүрүп жаткан шайлоо участкасынын өзгөчөлүгү - биринчи кезекте бир мандаттуу талапкерлер үчүн, жана бүтүндөй саясий ландшафт жөнүндө түшүнүктү калыптандырууга жардам берет.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар максаттарды түзүп, өнөктүк үчүн максаттуу аудиторияны жана коммуникациялык пландарын аныкташат. Катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо алдындагы үгүт иштери 2021-жылдын 29-октябрында башталып, 2021-жылдын 27-ноябрында саат 8:00дө аяктай турганы эскертилди, ал эми басылма, аудиовизуалдык жана башка үгүт материалдарын мыйзамга ылайык чыгаруу жана жайылтуу зарыл. Мындан тышкары, шайлоонун инклюзивдүүлүгү каралышы керек: талапкерлер, саясий партиялар шайлоо алдындагы үгүт материалдарын сурдокотормону же субтитрди колдонуп, окууга ыңгайлуу чоңойтулган шрифт менен басылып, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген шайлоочулар үчүн Брайль шрифтин же башка атайын каражаттарын пайдалануу менен үгүт материалдарынын жалпы нускасынын санынын бир пайызынан кем эмес санда басып чыгарууга жана таркатууга милдеттүү.
Ошондой эле, тренингдин жүрүшүндө шайлоо фонддорун түзүү, шайлоо өнөктүгүн каржылоо жана каржы отчеттуулук боюнча маалымат берилет. Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча кѳрсѳтүлгѳн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер, ошондой эле бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар өздөрүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн шайлоо фондун түзүүгө милдеттүү. Талапкерлердин тизмесинин курамында талапкерлигин койгондор өздөрүнүн шайлоо фонддорун түзүүгө укуксуз.
«Бул семинар жана биздин лекторлор шайлоого баруу үчүн өзүбүзгө болгон ишенимибизди чыңдоого жардам берди. Алдыдагы шайлоолорго карата колдонулуп жаткан мыйзамдардын өзгөчөлүгүн, ошондой эле бул мыйзам аялдарды колдоорун түшүндүк, анткени азыр квота кепилдикке алынды. Канча күч-аракет жумшап, канча убакыт коротсок да, биз шыктанып, ишеним менен шайлоого бара жатабыз. Жеке мен социалдык долбоорлорду ишке ашыруу максатында ЖКга баргым келет», - тренингдин катышуучусу Гүлмира Жаанбаева бөлүштү.
Катышуучулар конституциялык-укуктук жоопкерчиликтин аспектилерин, шайлоо процессинде арыздарды жана даттанууларды кароонун тартибин жана мөөнөттөрүн, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликти изилдешет.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү




