Кыргызстан менен Өзбекстандын БШК төрагаларынын жолугушуусу болуп өттү
23 октября 2021
Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова жана Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы З.Низамходжаевдин жолугушуусу өттү.
Жолугушууда Өзбекстан Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү маселелери талкууланды. Шайлоо өнөктүгү Шайлоо кодексинин талаптарына жана демократиялык принциптерге ылайык өтүп жатканы белгиленди.
КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекованын айтымында, эки өлкөнүн БШКларынын ортосунда жемиштүү кызматташтык түзүлүп, добуш берүү шарттарын жакшыртуу максатында үзгүлтүксүз тажрыйба жана эффективдүү практика алмашуу жүрүп жатат.
«Шайлоону жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүү жана демократиялуу кылуу үчүн канчалаган иштер жасалганын көрүп турабыз. Шайлоочулардын тизмеси боюнча иштер жүргүзүлдү, шайлоонун инклюзивдүүлүгү жана маалыматтык аспекти жогорулады, бул эркин шайлоонун маанилүү шарты болуп саналат. Шайлоо мыйзамдуулуктун жана туруктуулуктун кырдаалында өтүп жатат, бул шайлоо тутумуна болгон ишенимдин деңгээлин көрсөтүп турат”, - деди ал.
Өзбекстан Республикасынын БШК төрагасы З.Низамходжаев шайлоого даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн бардык этаптары ачыктык, маалымдуулук жана айкындуулуктун негизинде уюштурулганын маалымдады, ошондой эле шайлоо процессине эл аралык байкоочулар жана ЖМКлар көз салып турат. Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн шайлоо мыйзамдары боюнча теориялык билимдерин жана практикалык тажрыйбасын жогорулатуу максатында республика боюнча окуу семинарлары уюштурулуп, шайлоочулардын бирдиктүү электрондук тизмеси түзүлгөнү белгиленди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
