Шайлоо алдындагы үгүттөө боюнча окутуу Жалал-Абад шаарында болуп өттү

20 октября 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жалал-Абад шаарында «Жарандык платформа» коомдук фонду жана Жарандык өнүктүрүү институту менен биргеликте талапкерлер жана талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн «2021-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине депутаттарды шайлоонун жүрүшүндө үгүт өнөктүгүн өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү» аталыштагы октуучу тренингин уюштурду. 

КР БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов катышуучуларга шайлоо процессинин өзгөчөлүктөрү, анын этаптары, мөөнөтү жана шайлоо алдындагы үгүттөө иштерин жүргүзүүнүн негизги эрежелери тууралуу маалымат берди. Шайлоолор аралаш тутуму боюнча өтүп жатканына байланыштуу үгүттөө иштеринде саясий партиялар менен катар эле талапкерлер да өзүнчө катыша тургандыгы айтылды.

Катышуучуларга мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары талапкерлерге, саясий партияларга жыйындарды уюштурууда жана жарандар менен жолугушууда, көпчүлүк алдында дебаттарды жана талаш-тартыштарды, көрсөтүүлөрдү жана жүрүштөрдү уюштурууга көмөк көрсөтүп, массалык иш-чараларды өткөрүүдө коопсуздукту камсыздоого милдеттүү экендигин түшүндүрүп беришти. Талапкердин, саясий партиялардын мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги имаратынан шайлоочулар менен жолугушууну уюштуруу үчүн жай бөлүштүрүп берүүсү тууралуу арызы мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан арыз берилген күнү каралат. 

Талапкердин, саясий партиялардын шайлоочулары менен жолугушуусун уюштуруу үчүн жай бөлүштүрүп берүү өтүнүчү четке кагылган учурда мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары четке кагуусу тууралуу негиздүү кат түрүндөгү чечимин көрсөтүүгө тийиш. Эгер массалык иш-чараларды өткөрүү үчүн бир талапкерге, саясий партиялардын бирине көрсөтүлгөн жай берилген болсо, ошол эле жайды башка бир талапкерге, башка саясий партияга берүүдөн баш тартуусуна жол берилбейт.

Мамлекеттик же муниципалдык менчиктеги, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын балансында турган жайлар талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, алардын ишенимдүү адамдарынын, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн шайлоочулар менен жолугушуусу үчүн бирдей шартта түзүлөт.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо дайындалган күндөн баштап 10 календарлык күн аралыгында ар бир шайлоо участкасында үгүт материалдарын илүү үчүн атайын жер бөлүп берүүгө милдеттүү. 

Талапкерлер, саясий партиялар үгүт материалдарын жайгаштырууда бирдей шарттар менен камсыз болууга тийиш. Талапкерлер, саясий партиялар тийиштүү шайлоо комиссияларынан шайлоо алдындагы басма сөз үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн бөлүштүрүлгөн жерлердин тизмесин алууга укуктуу. 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү