КР БШК Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаарынын мэрин шайлоону дайындады
20 октября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 20-октябрында Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаарынын мэрин шайлоону дайындады.
Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаарынын мэрин шайлоо 2021-жылдын 8-ноябрында саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын 2021-жылдын 13-октябрындагы буйругу менен Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаарынын мэри Нурдинов Жоомарт Амадалиевич өз арызына ылайык ээлеген кызмат ордунан бошотулган.
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын кайталап шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
