БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө 8 арыз келип түштү
19 октября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 19-октябрында өткөн жыйналышында 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыздарын карап чыкты жана «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алуу менен, алардын билдирмелерин эске алуу жөнүндө чечим кылды.
Ошентип, КР БШКга арыз бергендер:
- №15 Базар-Коргон шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн Абдыжапарова Нурбюбю Маатмусаевна;
- №7 Ош шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн Алымбубаева Зулайка Бекатовна;
- №16 Ош шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн Анарбаев Каныбек Махамаджалилович;
- №26 Ленин шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн Карагулов Кубанычбек Нарынбекович;
- №16 Ноокен шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн Мараимов Расулжан Нарбаевич;
- №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн Тарыкбаев Алмаз Нарынбекович;
- №16 Ноокен шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн Тешебаев Акимбай Сатылганович;
- №25 Аламүдүн шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн Эшенкулова Кулжамал Буланбековна;
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
