КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
19 октября 2021
КР БШК 2021-жылдын 19-октябрындагы жыйналышында Талас шаардык жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Талас облусунун Талас шаардык кеңешинин “Республика” саясий партиясынан депутаты Токторбаев Адилет Улановичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Джуманов Алибий Музуретбековичке (“Республика” саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Депутаттын ыйгарым укуктарын аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаардык кеңешинин “Ынтымак” саясий партиясынан депутаты Абдурахманов Ядгоржон Турсунбаевичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат “Нефтчи” Кочкор-Ата шаардык спорткомплексинин директору Шамшиев Каныбек Чуроковиче (“Ынтымак” саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаардык кеңешинин “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынан депутаты Сыдыков Медербек Абдыкалыковичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат ААК “Кыргыз нефтегаз”, экономист Эргашов Азамат Азизбековичке (“Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясы) өткөрүп берилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
