КР БШК Ысык-Көл облусунун Жети-өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады
19 октября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 19-октябрында Ысык-Көл облусунун Жети-өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады.
Ысык-Көл облусунун Жети-өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2021-жылдын 5-ноябрында саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
Буга чейин Ысык-Көл облусунун Жети-өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Алымов Манас Кадырович өз арызына ылайык ээлеген кызмат ордунан бошотулган.
Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын кайталап шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
