БШК жаш ыктыярчыларды чакырат!
18 октября 2021
Эгерде сен жаш болсоң, күчкө толуп турсаң жана өз убактыңды жалпы жыргалчылыкка жумшагың келсе!
Эгерде сен кайдыгер болбосоң жана майыптыгы бар адамдарга участокто добуш берүүгөь катышууга жардам бергиң келсе!
Сени Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкү максатта БШКнын ыктыярчылар командасына чакырат:
- шайлоо өткөрүү тартибин жана добуш берүүгө катышуу эрежелерин калкка маалымдоо жана түшүндүрүү;
- добуш берүү күнү майыптыгы бар адамдарга участокто добуш берүүгө катышууга жардам көрсөтүү.
Ыктыярчылар ишин 2021-жылдын 15-ноябрынан 28-ноябрына чейин жүзөгө ашырат.
Өтүнмөлөрдү төмөнкүлөр бере алат:
- жаштардын коммерциялык эмес уюмдары;
18 жашка толгон жана андан улуу курактагы жаштардын демилгечи топтору.
Үлгү (тиркелет) боюнча өтүнмөнү толтуруп, паспорттун көчүрмөсүн тапшыруу зарыл.
Өтүнмөлөрдү кабыл алуу мөөнөтү: 2021-жылдын 25-октябрына чейин (кошуп алганда).
Өтүнмөлөр төмөнкү даректер боюнча кабыл алынат:
- Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 50 (КР БШК имараты), Жарандык билим берүү борбору;
- электрондук почта: cec0550031255@gmail.com
Маалымат алуу байланыштары: телефон: +996 312 626287,
Whatsapp/мобилдик номер +996 550 031255
Байланыштагы адамдар:
1. Сарбагышев Канимет
2. Турсунбаева Нуркыз
БИРГЕ БОЛСОК, БААРЫ КОЛУБУЗДАН КЕЛЕТ!
