БШК 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитти

17 октября 2021

 

“Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 13-октябрындагы № 457 ПЖ Жарлыгы менен Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалды.

2021-жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8, 14-беренелерин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 14, 48-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесин жетекчиликке алып, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн чыгымдардын сметасын бекитти

Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасынын жалпы суммасы 212 000 (эки жүз он эки миң) сомду түзөт.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү