БШК Баткен облусунун Лейлек районундагы №8026 жана Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы № 3145 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөрттү
09 октября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 9-октябрындагы жыйынында Баткен облусунун Лейлек районундагы № 8026 жана Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы №3145 шайлоо участкаларынын даректерин төмөнкүчө өзгөртүү чечимин кабыл алды:
- Баткен облусунун Лейлек районундагы № 8026 шайлоо участкасынын дарегин Гөлбө айылынын Жалал-Абад 20 көчөсүндөгү коомдук иш-чараларды өткөрүү борборунун эски имаратынан, Гөлбө айылынын Мектеп 1 көчөсүндөгү Кожояр Казыев атындагы орто мектебинин жаңы имаратына.
-Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы № 3145 шайлоо участкасынын дарегин Каракол ш., Торгоева 57 көчөсүндөгү шаардык салык башкармалыгынын эски имаратынан, Каракол ш., Гречко 29 көчөсүндөгү №9 орто мектебинин жаңы имаратына.
Лейлек жана Ак-Суу округдук шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен биргеликте шайлоочулар арасында шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Токтом Лейлек жана Ак-Суу округдук шайлоо комиссияларынын шайлоо участкаларынын имараттарынын канааттандырарлык эмес абалына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-, 4-пункттарына ылайык, № 8026, № 3145 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү тууралуу сунушунун негизинде кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
