БШК жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо үчүн шайлоо округдарынын схемалары менен чек араларын бекитти
08 октября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 8-сентябрда өткөн жыйналышында 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Ош облусунун Кара-Суу шаардык кеңешинин, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо, Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш, Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо үчүн шайлоо округдарынын схемалары менен чек араларын бекитүүгө токтом кылды.
Чечим шайлоо округдарынын схемалары менен чек араларын бекитүү жөнүндө Кара-Суу, Тогуз-Торо, Токтогул, Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдеринин негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 25-сентябрындагы № 408 Жарлыгына ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
