«АШАР-Алтан» саясий партиясы шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө билдирме берди
08 октября 2021
«АШАР-Алтан» саясий партиясы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуудан баш тартуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакырып алуу жөнүндө билдирме берди.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 8-октябрында өткөн жыйналышында «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алуу менен, партиянын билдирмесин карап чыгып, аны эске алуу жөнүндө чечим кылды.
«АШАР-Алтан» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жокко чыгарылды, алардын каттоо күбөлүктөрү анык эмес деп таанылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
