Шайлоо комиссияларына парламенттик шайлоону өткөрүүгө жардам берүү боюнча республикалык штаб Жалал-Абад шаарында көчмө жыйын өткөрдү

06 октября 2021

Шайлоо комиссияларына парламенттик шайлоону өткөрүүгө жардам берүү боюнча республикалык штаб Жалал-Абад облусунда көчмө жыйын өткөрдү.

Жыйынды штабдын башчысы, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы М. Иманкулов жана штабдын тең төрагасы, КР БШК төрайымы Н. Шайлдабекова алып барышты. Жыйынга КР БШК мүчөсү К. Маматов, облустун жетекчилиги, райондук мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, прокуратура жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле Жалал-Абад облусунун округдук шайлоо комиссияларынын төрагалары катышты.

 Жалал-Абад облусунда 686 364 шайлоочу катталган. Шайлоочулардын ушул санынын негизинде аймакта 7 бир мандаттуу округдар түзүлдү: №13 - Сузак шайлоо округу, №14 - Жалал -Абад шайлоо округу, №15 - Базар -Коргон шайлоо округу, №16 - Ноокен шайлоо округу, №17 - Аксы шайлоо округу, № 18 - Ала -Бука шайлоо округу, №19 - Токтогул шайлоо округу.

Добуш берүү үчүн 452 шайлоо участогу ачык, участкалык шайлоо комиссияларынын 5731 мүчөлөрү тарабынан шайлоого даярдык көрүлөт.

Жалал-Абад облусу боюнча маалымдама:

№13 Сузак шайлоо округуна Сузак району кирет. Шайлоочулардын жалпы саны 111 287 жаран. Шайлоо участкаларынын жалпы саны 81.

№14 Жалал-Абад шайлоо округуна Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун 4 айыл аймагы кирет. Шайлоочулардын жалпы саны 106 138 жаран. Шайлоо участкаларынын жалпы саны 58, анын ичинен 25и Жалал-Абад шаарында жана 33ү Сузак районунун 4 айылдык аймагында.

№15 Базар-Коргон шайлоо округу Базар-Коргон жана Тогуз-Торо райондорун камтыйт. Шайлоочулардын жалпы саны 112 932 жаран. Шайлоо участокторунун жалпы саны 80, анын 65и Базар-Коргон районунда жана 15и Тогуз-Торо аймагында.

№16 Ноокен шайлоо округуна Майлуу-Суу шаары жана Ноокен району кирет. Шайлоочулардын жалпы саны 95 129 жаран. Шайлоо участкаларынын жалпы саны 64, анын 8и Майлуу-Суу шаарында жана 59у Ноокен районунда.

№17 Аксы шайлоо округуна Аксы району кирет. Шайлоочулардын жалпы саны 80 516 жаран. Шайлоо участкаларынын жалпы саны 59.

№18 Ала-Бука шайлоо округу Ала-Бука жана Чаткал райондорун камтыйт. Шайлоочулардын жалпы саны 80 453 жаран. Шайлоо участкаларынын жалпы саны 55, анын 40ы Ала-Букада жана 15и Чаткал районунда.

№19 Токтогул шайлоо округу Кара-Көл, Таш-Көмүр, Токтогул районун камтыйт. Шайлоочулардын жалпы саны 99 909 жаран. Шайлоо участокторунун жалпы саны 55, анын 35и Токтогул районунда, 11и Таш-Көмүр шаарында жана 9у Кара-Көл шаарында.

М. Иманкулов Жалал-Абад облусунун мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө шайлоого даярдык көрүү боюнча шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтүү боюнча милдеттерди койду, анын ичинде шайлоо участкаларын материалдык-техникалык жабдуу, үзгүлтүксүз жарык, байланыш, Интернет байланышы, суук мезгилде жылытуу, имараттарды дезинфекциялоочу чараларды көрүү жана башка уюштуруу чаралары бар. Шайлоону уюштурууга мүмкүн болгон бардык жардам менен бирге, башкаруу органдары комиссиялардын ишине кийлигишүүгө жол бербеши керек. Укук коргоо органдары үчүн маанилүү артыкчылыктуу милдети катары, Коопсуздук кеңешинин катчысы партиялардын жана талапкерлердин кызыкчылыгында административдик ресурсту мыйзамсыз пайдаланууга жана добуштарды сатып алууга каршы натыйжалуу чаралардын алдын алууну жана көрүүнү белгиледи.

Штабдын тең төрагасы Н. Шайлдабекова Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жол-жобосунун өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди. Демократиялык шайлоолорду баалоонун негизги критерийлери шайлоочулардын жана талапкерлердин шайлоо укуктарын ишке ашыруунун толуктугун камсыз кылуу болуп саналат.

Шайлоо комиссиялары, мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдары тарабынан шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө жана талапкерлер менен партияларга шайлоо өнөктүгүн жүргүзүү үчүн бирдей укуктук шарттарды түзүү үчүн бардык чаралар көрүлүүгө тийиш.

Бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз компетенциясынын чегинде милдеттерди аткарып жатып, шайлоо процессинин өзгөчөлүгүн эске алышы керек:

- шайлоонун этаптары (ар бир этапта өзүнүн башкы милдеттери), шайлоо процессинин кыска мөөнөттөрү өз убагында чараларды көрүүнү талап кылат;

- шайлоо процессинин саясий мүнөзү абсолюттук калыстыкты жана саясий атаандаштыкка катышкан бардык субъекттерге бирдей мамилени талап кылат,

- шайлоонун көп субъекттүүлүгү: шайлоочулар, талапкерлер, агитаторлор, байкоочулар, жалпыга маалымдоо каражаттары ж.б.у.с. ар бири түшүнүүнү жана ар бир субьекттин макамы менен укугун эске алууну талап кылат.

Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө шайлоочулардын тизмесин тактоого жана жарандарга маалымат берүүгө жардамдашуу, талапкерлер жөнүндө плакаттарды ж.б. материалдарды жайгаштыруу үчүн, жарандар алар менен таанышууга ыңгайлуу аянттарды бөлүп берүү боюнча мыйзамдардын талаптарын аткаруу тапшырылды. Маалымат берүү - шайлоо эркиндигинин өзөгү. Ошол эле учурда үгүт материалдары үчүн орун жана шайлоочулар менен жолугушуу үчүн жай бардык талапкерлерге бирдей шартта берилиши керектиги көрсөтүлгөн.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга шайлоо укуктарын камсыз кылууну дыкат иштеп чыгуу тапшырылды. Бул облуста пандустарды орнотуу аркылуу жеткиликтүү кылуу зарыл болгон участоктор бар. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шайлоого катышууга көмөктөшүү үчүн жарандык тилектештиктин азыр туруктуу болуп калган "Кошунаңды ала кел" акциясын күчөтүү зарылдыгы айтылды. Техникалык көзөмөл органдарына учурдагы пандустардын белгиленген стандарттарга ылайык келүүсүн көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн, ал эми прокуратура органдарына майыптар үчүн участоктордун жеткиликтүүлүгүн көзөмөлдөө милдети тапшырылды.

Шайлоонун инклюзивдүүлүгү шайлоого даярдык көрүүнүн маанилүү критерийи экенин эске алып, шайлоочулардын айрым категорияларынын тизмесин - социалдык стационарларда, аскердик жана чек ара бөлүктөрүндө, убактылуу кармоочу жайларда, тергөө изоляторлорунда ж.б. жайлардан тактоону камсыз кылуу тапшырылды. Ушундай мекемелердин жетекчилерине жарандардын өз убагында биометрикалык каттоодон өтүүсүнө, паспортторду документтештирүүгө көмөктөшүүсү тапшырылды.

Ар бир округда округдук шайлоо комиссияларынын төрагаларынын, прокуратуранын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн ыкчам аракет кылуучу координациялык топторунун ишмердүүлүгү жана өз ара аракеттенүүсү боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Республикалык штабдын жетекчилери ошондой эле мугалим болуп иштеген шайлоо комиссияларынын өкүлдөрүн келе жаткан кесиптик майрамы менен куттукташты жана даярдыкка маанилүү салым болгон шайлоону уюштуруудагы мугалимдердин шайлоо комиссияларындагы жогорку компетенттүүлүк, жоопкерчилик жана патриоттуулук ак кызматы үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлерди, саясий партияларды колдоо үчүн үгүт иштерине билим берүү кызматкерлерин тартуунун жол берилбестиги белгиленди.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине төмөнкү милдеттер жүктөлдү:

• санитардык-эпидемиологиялык коопсуздуктун алгоритмин жана коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча талаптарды ишке ашыруу боюнча:

• биометрикалык каттоодон өтүү боюнча шайлоочулар арасында маалыматтык -консультациялык иштерди жүргүзүү, шайлоочулардын тизмелерин тактоо;

• тартипти жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу, административдик ресурстарды колдонуу, шайлоочуларды сатып алуу учурларында ыкчам чара көрүү, ошондой эле мыйзам бузган башка учурларда, мыйзам бузуулардын ар бир сигналы боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө коомчулукка ыкчам маалымат берүү.

• укук коргоо органдары тарабынан шайлоо участкаларынын жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу;

• облустук штаб тарабынан аймактагы шайлоого даярдык боюнча жергиликтүү органдардын ишин координациялоо жана башка милдеттер.

КР БШК Маалымат бөлүмү