«Аалам» саясий партиясы шайлоого катышуудан баш тартты
03 октября 2021
«Аалам» саясий партиясы Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуудан баш тартуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн кайтарып алуу тууралуу расмий билдирүү жөнөттү.
БШК 2021-жылдын 3-октябрындагы жыйынында бул билдирүүнү карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 19-беренесине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» мыйзамынын 4 жана 8-беренелерине ылайык, аны маалымдама катары кабыл алуу тууралуу чечим кабыл алды.
