Чет ѳлкѳлѳрдѳ жүргөн кыргызстандыктарга маалымдоо үчүн мобилдик топтор иштей баштады

24 сентября 2021

2021-жылы 23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү Санкт-Петербургдагы жана Ленинград облусундагы мекендештердин коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуу КР БШК тарабынан мобилдик топтордун иштеринин алкагында уюштурулду. Санкт-Петербургда жана Ленинград облусунда жашаган мекендештерге 2021-жылдын 28-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү жөнүндө кеңири айтып, аларды кызыктырган суроолорго жооп беришти.

БШК мүчөсү Кайрат Маматов Кыргызстандагы шайлоо тутумун реформалоонун башкы жетишкендиги – бул “Бир шайлоочу – бир добуш” принцибин ишке ашыргандык болуп саналаарын баса белгиледи. Добуш берүү процессинде жетишкен технологиялуулук эркин жана демократиялык шайлоонун маанилүү өңүтү болуп саналат. Ал республикабыздын чегинен тышкары жерлерде иштеген кыргызстандыктарды четте карап турбастан КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого жигердүү катышууга үндөдү. Анын үстүнө, ушундай жолугушууларда мекендештер айткан каалоолорду эске алуу менен бул үчүн баардык зарыл шарттар түзүлүүдө.

Суроолорго жооп берип жатып БШК мүчөсү К.Маматов көпчүлүк суранган, алдыдагы парламенттик шайлоодо көп сандагы кыргызстандыктар иштеген ишканаларда көчмө урналарды уюштуруу жолу менен добуш берүү жол-жобосун киргизүүгө мыйзамдар жол бербей тургандыгын белгиледи. К.Маматов билдирмелер боюнча жөнөтүлгөн көчмө урналар чет ѳлкѳлѳрдѳгү бир катар участоктордо добуш берүүнүн натыйжаларын жокко чыгарууга себеп болгон буга чейинки учурларды эске салды.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 28-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү алкагында Тышкы иштер министрлиги жана Санариптик ѳнүктүрүү министрлиги менен өз ара аракеттешип, мобилдик топторду түзгөн. Бул демилге БУУӨПтүн жана Германия Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылууда.

Мобилдик топтор алдыдагы парламенттик шайлоону уюштуруу, анын ичинде жарандарды шайлоочулардын тизмесине киргизүү, чет өлкөлөрдө түзүлгөн шайлоо участокторунун даректери жана саны, жарандары консулдук эсепке коюу, биометрикалык каттоодон өткөрүү маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талаптарына ылайык чет өлкөлөрдөгү шайлоо участоктору аккредитациялаган өлкөнүн тиешелүү органдары менен макулдашуу боюнча Тышкы иштер министрлиги сунушу боюнча, эреже катары, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин аймагында түзүлөт.

21-сентябрдан тартып мобилдик топтор Россия Федерациясында иштей баштады. Москвада жана Санкт-Петербургда жолугушуулар болуп өттү. 28-сентябрдан тартып 15-октябрга чейин Тюмень, Томск, Хабаровск, Казань, Самара, Краснодар шаарларында жолугушуулар мерчемделүүдө.

23-сентябрдан тартып 28-сентябрга чейин Италияда – Рим жана Кальяри шаарларында, 1-октябрдан тартып 10-октябрга чейин пройдут в Түркияда – Стамбул жана Анталья шаарларында жолугушуулар өтөт.

Жакын арада АКШнын Нью-Йорк жана Чикаго шаарларында дагы ошондой жолугушуулар өткөрүлөт.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү