Сариев Акылбек Аблабекович №33 Нарын шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары расмий катталды

24 сентября 2021

2021-жылдын 23-сентябрындагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы №33 Нарын шайлоо округу боюнча Сариев Акылбек Аблабековичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттады.

№33 Нарын шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сариев Акылбек Аблабековичке белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилди.

Чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун корутундусунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 3-, 4-, 8-беренелерине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 601-, 61- беренелерин жетекчиликке алуу менен, 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого өзүн өзү көрсөтүү тартибинде, №33 Нарын шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер Сариев Акылбек Аблабековичти каттоо үчүн көрсөтүлгөн документтердин негизинде кабыл алынды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү