КР БШК Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл өкмөт башчысын шайлоону дайындады
23 сентября 2021
Бүгүн – 2021-жылы 23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйналышында Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл өкмөт башчысын шайлоону дайындады.
Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2021-жылдын 14-сентябрындагы буйругу менен Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Саркумов Марат Женишбекович өз арызы боюнча ээлеген кызматынан бошотулду. Ушуга байланыштуу Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүү 2021-жылдын 12-октябрына дайындалды. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
Токтом “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобого ылайык кабыл алынды.
Сокулук аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
