КР БШК төрагасынын орун басары Тынчтык Шайназаров КМШ ПАСтын төрагасы Дмитрий Кобицкий менен жолукту
23 сентября 2021
2021-жылы 23-сентябрда Санкт-Петербургда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Тынчтык Шайназаров Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАС) төрагасы Дмитрий Кобицкий менен жолугушуусу болду.
Жолугушуу чет ѳлкѳлѳрдѳ жашаган же жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашырууга жардам көрсөтүүчү мобилдик топтордун иш алкагында Санкт-Петербургда өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Т. Шайназаров КМШ ПАСтын башчысына 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.
“Кыргызстан Россия Федерациясындагы коомдук-саясий окуяларга абдан көңүл буруп, кабардар болуп турат жана, албетте, болуп өткөн шайлоо Россиядагы шайлоо процессиндеги демократиялык шайлоонун эң маанилүү принциптерди өркүндөтүүгө дагы бир кадам деп атоого болот”, - деп баса белгиледи Т. Шайназаров.
Өз кезегинде КМШ ПАСтын башчысы кыргыз делегациясы менен саламдашып, АЭУну колдонуу жаатында жаңы технологияларды пайдалануу маселелеринде Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын ишине жогору баа берди.
Мындан тышкары, Д. Кобицкий алдыда өтүүчү Кыргызстандагы парламентке шайлоо жогорку деңгээлде өтөөрүнө, Кыргызстандын эли республиканын гүлдөп-өнүгүшү үчүн иштей турган парламентти шайлаарына ишенерин билдирди.
Россия тарап эл аралык байкоочу статусунда ноябрдагы парламенттик шайлоого катышаарын ырастады. Мындан тышкары, КМШ ПАС салт боюнча эксперттерин жөнөтөт, алар Шериктештиктин өлкөлөрүндө, ошондой эле алыстагы чет ѳлкѳлѳрдѳ иштеп, шайлоо участокторунда байкоо жүргүзөт.
Жолугушуунун соңунда Кыргызстандын БШК мүчөлөрүнө Демократия, парламентаризмди өнүктүрүүгө байкоо жүргүзүү, жарандардын шайлоо укуктарын сактоо эл аралык институту (КМШ ПААнын ДӨБЭИ) даярдаган "Международное наблюдение за выборами" жана "Цифровизация и выборы" деген китептер тапшырылды.
Россия тарап, ошондой эле, кыргыз студенттери КМШнын 72 ЖОЖунун студенттери менен Санкт-Петербургда шайлоо укугу боюнча Интернет олимпиадага катышып жаткандыктары тууралуу айтты, олимпиада жеңүүчүлөрү ноябрда Санкт-Петербургга чакырылат.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

