КР БШК Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөт башчысын шайлоону дайындады
23 сентября 2021
Бүгүн – 2021-жылы 23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйналышында Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөт башчысын шайлоону дайындады.
Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2021-жылдын 21-сентябрындагы буйругу менен Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысы Туйбаев Таалайбек Абиевич өз арызы боюнча ээлеген кызматынан бошотулду. Ушуга байланыштуу Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүү 2021-жылдын 12-октябрына дайындалды. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
Токтом “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобого ылайык кабыл алынды.
Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
