Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Сиздерди 23-сентябрь - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!

23 сентября 2021

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Сиздерди 23-сентябрь - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!

Эгемен Кыргыз Республикасынын башкы байлыгы болгон кыргыз тили кылымдарды карыткан улуу тил. Мамлекеттик тилибиз - кыргыз тили Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн, кыргыз улутун улут кылып турган башкы белгилердин бири болуп саналат. Көптөгөн тарыхый окуяларды кучагына камтыган эгемендигибиздин 30 жылдык тарыхында эне тилибизди өнүктүрүү жаатында көп иштер жасалды, бирок  аткарыла турган иштер дагы аз эмес.

Мамлекеттик тил статусуна ээ эне тилибиздин түбөлүгү түз болсун,майрамыбыз кут болсун!