КР БШК КР Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына талапкер болуп көрсөтүлгөн Н.И. Танабаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

21 сентября 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 21-сентябрында №10 Куршаб шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде КР Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына талапкер болуп көрсөтүлгөн Танабаев Нурлан Исамидиновичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.

Н.И. Танабаев шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары С.А. Боркошевди, ал эми каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Т. К. Айдаровду дайындады.

Конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеӊешке депутаттыкка талапкерлердин катышуусу тууралуу билдирме шайлоо округдарынын схемасы жана чекаралары бекитилген күндөн башталып, добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күн калганда б.а. 2021-жылдын 13-октябрында (кошуп алганда) саат 18:00дө аяктайт.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү