БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү ниети тууралуу арыз түштү

21 сентября 2021

2021-жылы 21-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Алымжанов Айбек Орозбековичтен 2021-жылы 28-ноябрда өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо № 32 Кочкор шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) ниети жөнүндө арыз түштү.

А.О. Алымжанов шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Б.А Чортекованы, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Д.А. Жасооловду дайындады.

БШК «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталаарын жана добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күн калганда б.а. 2021-жылдын 13-октябрында саат 18:00дө аяктаарын эске салат.

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде депутаттыкка талапкерди көрсөтүү талапкердин өзүнүн аталган шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арызын КР БШКга берүү жолу менен жүргүзүлөт.Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн.

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер КР БШКга шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен, б.а. 2021-жылдын 18-октябрь күнү саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш.

Буга чейин талапкерлер Сариев Акылбек Аблабековичтен, МалиевАрсланбек Касымакуновичтен, Дурсунов Атамша Латифовичтен, ИбраимовСанжар Кубанычбековичтен, Сейтказиев Анаш Токтосуновичтен, ТанабаевНурлан Исамидиновичтен, Курманов Байыш Жантаевичтен, АлтынбековАйбектен, Нурланбеков Актилек Нурланбековичтен, Насиров Абдижалил Жусуповичтен, Исаев Канат Кедейкановичтен жана Төлөгөнов Бакыт Талантовичтен КР Жогорку Кенешинин депуттарын шайлоого катышуу тууралуу (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) КР БШКга жазуу жүзүндө билдирме түшкөн.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерди каттоо үчүн талапкерлер, саясий партиялар тарабынан БШКга берилүүчү документтердин тизмеги жана формалары менен ушул шилтемеден таанышса болот.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү