ШКУнун байкоочулар Миссиясы Россияда 17-19-сентябрда өткөн шайлоону ачык-айкын, анык жана демократиялуу шайлоо катары тааныды
20 сентября 2021
Шанхай кызматташтык уюмунун Миссиясы Россия Федерациясында 2021-жылы 17-19-сентябрда өткөн парламентке шайлоону ачык-айкын, анык жана демократиялуу шайлоо катары тааныйт – Москвада 20-сентябрдагы басма сөз жыйынында ШКУнун байкоочулар Миссиясынын жыйынтыктоочу отчёту менен тааныштырууда Кыргыз Республикасынын БШК төрагасынын орун басары Тынчтык Шайназаров бул тууралуу билдирди.
Миссия Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоо Россия Федерациясынын мыйзамдарынын жана өлкө кабыл алган эл аралык милдеттенмелердин талаптарына ылайык келе тургандыгын белгилейт.
Шайлоонун легитимдүүлүгүнөн күмөн санай турган улуттук мыйзамдардын ченемдерин бузуу Миссия тарабынан белгиленген жок.
2021-жылдын 17-сентябрынан тартып 19-сентябрга чейин (кошуп алганда) Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин чакыруусу боюнча Шанхай кызматташтык уюмунун Миссиясы Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүздү.
Миссиянын 14 байкоочудан – ШКУга мүчө-мамлекеттердин шайлоо органдарынын өкүлдөрүнөн жана дипломаттарынан, ошондой эле ШКУнун Катчылыгынын кызмат адамдарынан турган курамы аккредитациядан өттү.
Эл аралык байкоочуларды чакырууну Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоодо эң жогорку ачыктыкты, айкындуулукту жана демократиялуулукту камсыздоого Россия Федерациясынын умтулуусу катары Миссия тарабынан бааланууда.
Шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө натыйжалуу байкоо жүргүзүүгө Миссия үчүн баардык зарыл шарттар түзүлдү, бул шайлоо процессинин ачыктыгын жана айкындуулугун далилдейт.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
