КР БШК “КР Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык Мыйзамга ылайык келтирүү үчүн бир катар ченемдик укуктук актыларга өзгөртүү киргизди
15 сентября 2021
2021-жылдын 15-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйналышында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КРдин 2021-жылдын 26-августундагы № 103 конституциялык Мыйзамына жана “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамына ылайык келтирүү үчүн бир катар ченемдик укуктук актыларга (ЧУА) өзгөртүүлөрдү киргизди.
Ошентип, төмөнкү ЧУАларга өзгөртүүлөр киргизилди:
- «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын атайын өкүлү жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» 2011-жылдын 14-июлундагы №23 токтомуна;
- «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Жобо тууралуу» 2020-жылдын 26-июнунда №118 токтомуна;
- «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо жөнүндө» Жобого;
- «Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ жѳнүндѳ» Жобого;
- «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо тартиби жөнүндө» 2020-жылдын 26-июнундагы № 117 Жобого;
- «Мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулакты өткөрүү тартиби жөнүндө» 2017-жылдын 11-сентябрындагы № 437 Нускамага.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
