КР БШКнын 2021-жылдын 15-сентябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

15 сентября 2021

Өткөрүү датасы: 15-сентябрь 2021-ж.

Убактысы: 14:00

Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын атайын өкүлү жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» 2011-жылдын 14-июлундагы №23-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 (баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Жобо тууралуу» 2020 -жылдын 26 -июнунда №118-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)

3. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо жөнүндө» Жобо тууралуу

(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)

4. «Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ жѳнүндѳ» Жобо тууралуу

(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)

5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө («Мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулакты өткөрүү тартиби жөнүндө» Нускама,  «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо тартиби жөнүндө» Жобо)

(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы

6. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Ке?ешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 5-сентябрындагы № 684 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

(баяндамачы- Бекматов А. Г., шайлоо округдарын жана шайлоо участкаларын түзүү маселелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси)

7. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнүн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндгү Аксы, Базар-Коргон, Өзгөн жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)

8. Талас облусунун Талас районунун А.Нуржанов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө

(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)

9. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына №34 Жети-Өгүз шайлоо округу боюнча талапкер катары көрсөтүлгөн Малиев Арсланбек Касымакуновичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)

10. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына №30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча талапкер катары көрсөтүлгөн Дурсунов Атамша Латифовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)

11. Ар кандай маселелер