“Аалам” саясий партиясынын жаңы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катталды
09 сентября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 9-сентябрындагы жыйналышында “Аалам” саясий партиясынын мурда дайындалган шайлоо боюнча жана каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакырып алуу жөнүндө билдирмесин карады.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин жетекчиликке алып, БШК “Аалам” саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Г.Э. Атакулованы жана каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Г.С. Жаныкулованы каттоону жокко чыгаруу чечимин кабыл алды. Ыйгарым укуктуу өкүлдөргө берилген күбөлүктөр жараксыз деп таанылды.
“Аалам” саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Б.М. Малабаев, ал эми каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары А.К. Арыкбаева катталды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
