БШК КР ЖК депутаттарын шайлоого эл аралык байкоочуларды чакыруу процессин баштады
09 сентября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүү үчүн төмөнкү бир катар эл аралык уюмдарга чакыруу жөнөттү: Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин аткаруу комитетине, Шанхай кызматташтык уюмуна, ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча Бюросуна, Ислам конференциясы уюмуна, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңешине, шайлоо органдарынын Бүткүл дүйнөлүк, Азия жана Европа ассоциацияларына, ошондой эле чет мамлекеттердин бир катар шайлоо комиссияларына.
Маалымат үчүн:
|
№ |
Өнөктүк |
Жыл |
БШК аккредитациядан өткөргөн баардык эл аралык байкоочу |
Уюм |
Өлкө |
|
|
Президент шайлоо |
15.10.2017 |
773 |
57 |
59 |
|
|
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо |
04.10.2020 |
277 |
35 |
43 |
|
|
Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдум |
10.01.2021 |
333 |
35 |
44 |
|
|
Референдум
|
11.04.2021 |
183 |
36 |
31 |
|
|
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо |
28.11.2021 |
|
|
|
Мыйзамдарга ылайык, эл аралык байкоочулар шайлоо дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин Президент, Жогорку Кеңеш, Министрлер Кабинети же БШК тарабынан жиберилген чакыруу болгондо, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитацияланат. Жогорку Кеңеш тарабынан чакыруу парламенттер аралык бирикмелердин даректерине, атап айтканда, КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясына, ЖККУ Парламенттер ассамблеясына, ЕККУ Парламенттер ассамблеясына, Европа Кеңешинин Парламенттер ассамблеясына, Европа Парламентине жана ТүркПАга жиберилиши мүмкүн.
Тышкы иштер министрлиги салт боюнча Кыргыз Республикасында аккредитациядан өткөн дипломатиялык жана консулдук корпуска, анын ичинде, резиденциясы башка мамлекеттерде болгон ошондой корпуска чакыруу жөнөтөт. ТИМ шайлоо роцессин чагылдыруу үчүн чет элдик ЖМК өкүлдөрүнө дагы чакыруу жиберет.
2021-жылдын 28-ноябрында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого эл аралык байкоочуларды аккредитацияга билдирмелер түшкөнүнө жараша БШК аларды карап, тиешелүү чечим чыгарат жана БШКнын расмий сайтынын (www.shailoo.gov.kg) “Эл аралык байкоочулар” бөлүгүнө өз убагында жайгаштырат.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, “эл аралык байкоочу – мыйзамда белгиленген тартипке ылайык Кыргыз Республикасында шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу укугуна ээ, чет өлкөлүк же эл аралык уюмдун атынан чыгуучу адам”.
Эл аралык байкоочуларды чакыруу жана аккредитациялоо тартиби аталган конституциялык Мыйзамдын 10-беренеси, ошондой эле КР БШКнын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумундагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө» Жобо менен жөнгө салынат.
Эл аралык байкоочунун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү Борбордук шайлоо комиссиясы аны аккредитацияланган күндөн тартып башталат жана шайлоонун жыйынтыктары расмий жарыяланган күнү аяктайт. Мында Кыргыз Республикасынын жарандары эл аралык байкоочулар катары аккредитацияланышы мүмкүн эмес.
Эл аралык байкоочулар ары-бери эркин жүрүүгө жана каалаган шайлоо участокторунда жана шайлоо комиссияларында болууга укуктуу.
Шайлоону жана референдумду даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча эл аралык байкоо миссиясы тиешелүү билдирүү, ошондой эле сунуштама жарыялайт.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
