“Ата Мекен” саясий партиясынын жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү катталды
06 сентября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 6-сентябрындагы жыйналышында “Ата Мекен” саясий партиясынын мурда дайындалган шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакырып алуу жөнүндө билдирмесин карады.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин жетекчиликке алып, БШК “Ата Мекен” саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Ч.А. Аблакееваны каттоону жокко чыгаруу чечимин кабыл алды. Ыйгарым укуктуу өкүлгө берилген күбөлүк жараксыз деп таанылды.
“Ата Мекен” саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Мамасалиева Махабат Мелисовна катталды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
