КР БШК “КР Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР конституциялык Мыйзамына ылайык келтирүү үчүн бир катар ченемдик укуктук актыларды бекитти
05 сентября 2021
2021-жылдын 5-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйналышында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КРдин 2021-жылдын 26-августундагы № 103 конституциялык Мыйзамына жана “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамына ылайык келтирүү үчүн бир катар ченемдик укуктук актыларды бекитти.
Ошентип, төмөнкү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилди:
- «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары карап чыгышынын тартиби жөнүндө» 2017-жылдын 7-июлундагы №212 Жобого;
- «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо коомдук байкоочулардын статусу, ыйгарым укуктары жана иш тартиби жөнүндө» 2017-жылдын 11-июлундагы №226 Жобого;
- «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ жөнүндө» 2017-жылдын 10-июлундагы №217 Жобого;
- «Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун (ЫЧКТ) ишинин тартиби жөнүндө» 2020-жылдын 4-февралындагы №33 Жобого;
- «Шайлоочунун кабинети» сервиси жөнүндө» Жобого;
- «Шайлоочулардын «Тизме» мамлекеттик порталы жѳнүндѳ» Жобого;
- «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумундагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө» Жобого;
- «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө» Жобого;
- «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун иши жөнүндө» Жобо».
- «Кыргыз Республикасынын шайлоосун жана референдумун өткөрүүдө айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу» 2016-жылдын 17-ноябрындагы №216 Жобого;
- «Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган же жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашырууну камсыз кылуу жѳнүндѳ» Жобо тууралуу» 2020-жылдын 26-июнундагы №120 Жобого;
- «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча катталган саясий партиялардын ортосунда чүчүкулак өткөрүүнүн тартиби жөнүндө» 2015-жылдын 28-июлундагы №92 Жобого.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
