БШКга "Тынчтык” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу жөнүндө билдирме түштү.
03 сентября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына "Тынчтык”саясий партиясынан 2021-жылдын 28-ноябрында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирме түштү.
Партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Исмаилова Дариха Артыкмаматовнаны,каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары- Абылова Гульнара Буларбековнаны дайындады.
Календарлык планга ылайык КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 5 календарлык күндүн ичинде шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жазуу жүзүндө билдирме жиберүүлөрү керек экендигин КР БШК эске салат.
Жазуу жүзүндөгү билдирме саясий партиянын уставынын нотариус ырастаган көчүрмөсү тиркелүү менен, саясий партиянын жетекчисинин колу коюлуп, саясий партиянын мөөрү менен ырасталууга тийиш. Жазуу жүзүндө билдирме берүүнүн акыркы күнү – 2021-жылдын 3-сентябры, саат 18.00гө чейин.
Ошону менен бирге, конституциялык Мыйзамдын 60-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 60-1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоого катышуусу жөнүндө билдирме шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары бекитилген күндөн тартып башталат (6-сентябрга чейин) жана шайлоо күнүнө 45 календарлык күн калганда б.а. 2021-жылдын 13-октябрында (кошо алганда) аяктайт.
Буга чейин КР БШКга "Социал -демократтар" жана “Улуттар биримдиги”, “Ишеним”,"Альянс", “Кыргызстандын жашылдар партиясы”, “Жаратман Эл”, «Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия»,"Ата Мекен","Ыйман Нуру",«Эл үмүтү социалдык саясий партия», “Актив”, “Бийлик элге”,”Акыйкат Кыргызстан”, «Ар-Намыс»,"Кыргызстандын саясий кучторунун альянсы","Күч биримдикте" социалдык-саясий партиясы”, "Азаттык” демократиялык партия”, "Ынтымак”, "Аалам”, "Тилектештик”, "Социалист”,"Ак Асаба”, "Ак Бата”, "Адилет”,"Ата-Журт Кыргызстан”, "Мекенчил Эл”, “Бирге-Вместе”, “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы”,“Менин Мекеним”, “Келечек-Будущее,”Элдик Партия”, “Биздин Эл”, “Жаңы ЭРА”, "Күчтүү регион”, "Жаңы Мезгил”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Кыргызстандын элдик-демократиялык партия”, "Асыл- Мурас Жаштар”, "Кыргызстан либерал –демократиялык партия”, "Чоң казат, «Улутман», "Эмгек”, «Аманат», "Ордо”, "Асаба” элдик кайра жаралуу”, "Либералдык-прогрессивдүү”, "Айкөл Кыргызстан”, "Кыргызстан элдеринин конгресси”, "Элдик кыймыл партиясы”, «Нур», "Элдик көзөмөл” саясий партиялардан КР ЖК депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу жазуу жүзүндө билдирме түшкөн.